• 89.47
  • 96.56
  • 0.97

Бишкек-Ош унаа жолундагы жол кырсыгынан 4 адам каза болду

Кырсык 0

Бишкек, 05.03.18. /Кабар/. Бишкек-Ош унаа жолунун 171-чакырымында жеңил унаа менен оор жүк ташуучу унаа кагылышкан. ӨКМден кабарлашкандай, окуя кечээ, 4-мартта болжол менен саат 14:40 чамасында катталган.

Алдын ала маалыматка ылайык, жеңил унаанын ичинде 4 адам болгон. Кырсыктын натыйжасында алардын бардыгы тең каза богон.

Оор жүк ташуучу унаадагы 2 адамдын абалдары жакшы”,-деп айтылат маалыматта.

“Бишкек-Ош унаа жолунун 154-чакырымында нөөмөттө турган КР ӨКМнин Куткаруучуларды даярдоочу мамлекеттик борборунун куткаруучулары каза болгон адамдардын жансыз денелерин чыгарышып, ИИМ кызматкерлерине өткөрүп беришкен”,-деп кабарлашты ӨКМден.

Пикир

Оставить комментарий