• 89.47
  • 96.56
  • 0.97

Бишкек-Ош унаа жолундагы жол кырсыгынан 5 адам каза болду

Кырсык 0

Бишкек, 09.10.17 /Кабар/. 2017-жылдын 8-октябры күнү саат 11:00 чамасында Бишкек-Ош унаа жолунун 423-чакырымында мамлекеттик № S95-97AL “Вольво” үлгүсүндөгү күйүүчү май ташыган унаа менен мамлекеттик № S63-61АЕ “Хонда-Фит” үлгүсүндөгү унаа кагылышкан.

КР ӨКМ басма сөз кызматы билдиргендей, жол кырсыктын кесепетинен Хонда-Фит унаасындагы 5 адам каза болгон (2 эркек, 3 аял). Каза болгондордун жансыз денеси Кара-Көл шаардык ооруканасынын өлүк сактоочу жайына жеткирилген.

Окуя болгон жерде КР ИИМ кызматкерлеринин ыкчам тергөө тобу тактоо-иликтөө иштерин жүргүзүшкөн.

Пикир

Оставить комментарий