• 89.47
  • 96.56
  • 0.97

Бишкек – Ош унаа жолунун боюндагы өрттү өчүрүү иштери уланууда – ӨКМ

Кырсык 0

Бишкек, 09.09.21. /Кабар/. Бишкек - Ош унаа жолунун боюндагы өрттү өчүрүү иштери уланууда. Бул тууралуу ӨКМнын басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, 8-сентябрь күнү саат 17:43төн бери Жайыл районунда Бишкек-Ош унаа жолунун 101-чакырымында тоонун боорунда болжол менен 70 га куураган чөп күйүп жатат.

Өрт өчүрүүчүлөр өрттү кол менен өчүрүү иштерин жүргүзүп, бүгүн өчүрүү иштерин улантуу үчүн Жайыл райондук №22 ӨКБдан 10 куткаруучу тартылды.

ӨКМден толук маалымат кийинчерээк берилери белгиленди.

Пикир

Оставить комментарий