• 88.85
  • 94.92
  • 0.96

Бишкек-Ош унаа жолунун постторунда жылынуучу жайлар уюштурулду

Коом 0

Бишкек, 27.12.17 /Кабар/. 2017-жылдын 27-декабрында саат 15:40га карата Чүй облусунун Жайыл районундагы "Сосновка" постунда 120 оор жүк ташуучу жана 225 жеңил унаалар турат. Бул тууралуу ӨКМ басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, Токтогул районунун "Арал" постунда 500 оор жүк ташуучу жана 200 жеңил унаалар турат.

Унаалар топтолгон жерлерде ысык чай жана жылынуучу жайлар уюштурулган.

Белгилей кетсек, азыркы учурда Төө-Ашуунун түндүк-түштүк тарабында шамал болуп күрткү болууда, бирок кар токтогон.

Пикир

Оставить комментарий