• 88.85
  • 94.81
  • 0.95

Бишкек, Ош, Жалал-Абаддын кээ бир аймактарында газ жок болот (тизме)

Коом 0

Бишкек, 10.10.18. /Кабар/. 10-11-12-октябрь күндөрү Бишкек, Ош, Жалал-Абаддын айрым жерлеринде газ берүү убактылуу токтотулат. Бул тууралуу "Газпром Кыргызстан" ишканасынан кабарлашты.

Ага ылайык, газ берүү төмөнкү даректерде жок болот;

- 10-октябрда Жалал-Абад шаарынын Дружба көчөсүндө;

- 10-11-октябрда Ош шаарынын Алиев, Р.Абдыкадыров, Моминов көчөлөрүндө;

- 11-октябрда Ош шаарынын Анар көчөсүндө;

- 11-12-октябрда Бишкек шаарынын Левоневский, Айни, Вилюйский, Циолковский көчөлөрүндө.

Оңдоо жана калыбына келтирүү иштери газ колдонуучуларды үзгүлтүксүз жаратылыш газы менен камсыз кылуу максатында жүргүзүлүүдө.

Пикир

Оставить комментарий