• 88.85
  • 94.92
  • 0.96

Бишкек, Ош жана Нарын шаарларында 270 койкага эсептелген ооруканалар курулууда

Коом 0

Бишкек, 07.08.20 /Кабар/. Бишкек, Ош жана Нарын шаарларында тез тургузулуучу материалдар менен 270 койкага эсептелген эксперименталдык ооруканалар курулууда. Бул тууралуу өкмөт үйүндөгү маалымат жыйынында Архитектура, курулуш жана турак жай-коммуналдык чарба мамлекеттик агенттигинин директору Урматбек Кокочаров билдирди.

Анын айтымында, азыркы тапта, объектилерди кыска мөөнөттүн ичинде куруп бүткөрүү пландалууда. Бул долбоорлорду ишке ашырууга республикалык бюджеттен каражат каралган.

Кокочаров белгилегендей, бул ооруканаларга керектелүүчү медициналык жабдыктар, эмерек жана шаймандардын тизмеси Саламаттык сактоо министрлиги менен биргеликте иштелип чыгууда.

"Капиталдык ремонт жүргүзүлүп жаткан 9 саламаттык сактоо объекттилери 1105 койкага эсептелген", - деп кошумчалады ал.

Пикир

Оставить комментарий