• 89.47
  • 96.56
  • 0.97

Бишкек, Ош жана Токмок шаардык кеңештерине кайра шайлоо аяктады

Шайлоо 2023 0

Бишкек, 11.07.21. /Адил Төлөгөнов - Кабар/. Бүгүн, 11-июлда саат 20:00дө Бишкек, Ош жана Токмок шаардык кеңештерине депутаттарды кайра шайлоо аяктады.

Бишкек шаардык кеңешке шайлоого 18, Токмок шаардык кеңешке 6, Ош шаардык кеңешке 8 саясий партия катышты.

Саат 18:00гө карата Бишкек, Ош жана Токмок шаардык кеңештерине шайлоодо 155 миң 707 адам добуш берди. Ал жалпы шайлоочулардын 25,22%ын түзөт.

Жалпы 617 миң 517 жаран шайлоо укугуна ээ болгон.

Боршайкомдун басма сөз кызматы билдиргендей, Бишкек, Ош жана Токмок шаардык кеңешине депутаттарды кайра шайлоо үчүн 611 миң 71 бюллетень, мындан тышкары 326 бюллетень Брайл шрифти менен даярдалган.

Эскерте кетсек, Бишкек, Ош жана Токмок шаарларында добуш сатып алуу фактылары аныкталып, үстүбүздөгү жылдын 11-апрелинде өткөн шаардык кеңештеринин шайлоосунун жыйынтыгы жараксыз деп табылган. Мындан улам шаардык кеңештерге депутаттарды кайра шайлоо 2021-жылдын 11-июлуна белгиленген.

Пикир

Оставить комментарий