• 88.85
  • 94.81
  • 0.95

Бишкек, Ош жана Токмок шаардык кеңештерине кайра шайлоо башталды

Шайлоо 2023 0

Бишкек, 11.07.21. /Кабар/. Бүгүн, 11-июлда, саат 08:00дө Бишкек, Ош жана Токмок шаардык кеңештерине депутаттарды кайра шайлоо башталды.

Бишкек шаардык кеңешке 18 партиядан 1 371 талапкер көрсөтүлүп, анын ичинен 1 258 талапкер тизмеге катталды. Ал эми Токмок шаардык кеңешке кайра шайлоого 6 саясий партия, Ош шаардык кеңешке депутаттарды кайра шайлоого 8 саясий партия катышат.

Боршайкомдун басма сөз кызматы билдиргендей, Бишкек, Ош жана Токмок шаардык кеңешине депутаттарды кайра шайлоо үчүн 611 миң 71 бюллетень, мындан тышкары, 326 бюллетень Брайл шрифти менен даярдалган.

ИИМдин маалыматына караганда, Бишкектеги коомдук тартипти жана жарандардын коомдук коопсуздугун камсыз кылууга 1200дөн ашык борбордук милиция кызматкерлери жумушка тартылган.

Эскерте кетсек, аталган шаарларда добуш сатып алуу фактылары аныкталып, үстүбүздөгү жылдын 11-апрелинде өткөн шайлоонун жыйынтыгы жараксыз деп табылып, кайра шайлоо 11-июлга белгиленген.

Пикир

Оставить комментарий