• 89.47
  • 96.56
  • 0.97

Бишкек, Ош жана Токмок шаардык кеңештерине шайлоого 185 миң 826 жаран катышты

Шайлоо 2023 0

Бишкек, 11.07.21. /Кабар/. Бишкек, Ош жана Токмок шаардык кеңештерине депутаттарды шайлоого 185 миң 826 жаран катышты. Бул тууралуу Борбордук шайлоо комиссиясынын төрайымы Нуржан Шайлдабекова билдирди.

Анын айтымында, бул жалпы шайлоочулардын 30,9 пайызын түзөт. Аталган шаарларда шайлоочулардын тизмесине жалпы 617 миң 517 жаран киргизилген.

Бишкек шаардык кеңешке шайлоочулардын тизмесине жалпысынан 426 миң 699 жаран киргизилген, ал эми добуш берүүгө 103 миң 201 жаран катышты. Бул жалпы шайлоочулардын 24,19 пайызын түздү.

Ош шаардык кеңешке шайлоочулардын тизмесине жалпысынан 152 миң 718 жаран киргизлип, добуш берүүгө 65 миң 652 жаран катышкан. Бул жалпы шайлоочулардын 42,99 пайызын түздү.

Токмок шаардык кеңешке шайлоочулардын тизмесине жалпысынан 38 миң 100 жаран киргизилип, добуш берүүгө 16 миң 973 жаран катышкан. Бул жалпы шайлоочулардын 44,55 пайызын түздү.

“Апрелдеги болуп өткөн кезектеги шайлоодо шайлоочулардын добуш берүүсү көбүрөөк болгон. Жалпысынан 3 шаар боюнча 36 пайыз шайлоочулар катышкан, ал эми бул жолу 30 пайыга жетти”, - деди Шайлдабекова.

Пикир

Оставить комментарий