• 88.85
  • 94.92
  • 0.96

Бишкек, Ош жана Токмок шаарларында участкадан тышкары 3,5 миңден ашуун шайлоочу добуш берди

Шайлоо 2023 0

Бишкек, 11.07.21. /Кабар/. Бишкек, Ош жана Токмок шаардык кеңештерине кайра шайлоодо 3 миң 511 шайлоочу участкадан тышкары добуш берди. Бул тууралуу БШКнын төрайымынын орун басары Тынчтык Шайназаров брифинг учурунда билдирди.

Ал билдиргендей, анын ичинде Бишкекте - 2 миң 277, Ошто - 1 миң 31 жана Токмок шаарында 203.

Эскерте кетсек, аталган шаарларда добуш сатып алуу фактылары аныкталып, үстүбүздөгү жылдын 11-апрелинде өткөн шайлоонун жыйынтыгы жараксыз деп табылган. Шаардык кеңештерге депутаттарды кайра шайлоо 11-июлга белгиленген.

Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоо жөнүндө” мыйзамынын 33-беренесине ылайык, участкалык шайлоо комиссиялары шайлоочулардын тизмесине киргизилген бирок ден-соолугунун абалына байланыштуу же мыйзамда көрсөтүлгөн башка себептерден улам добуш берүү үчүн шайлоо участкасына келе албаган шайлоочуларга добуш берүү күнүнө бир календардык күн калганда шайлоо участкасынан тышкары жайда добуш берүү мүмкүнчүлүгүн камсыз кылат.

Пикир

Оставить комментарий