• 88.85
  • 94.92
  • 0.96

Бишкек-Ош жолу: Кар көчкүнү атып түшүрүү иштери жүрүүдө

Коом 0

Бишкек, 20.02.20. /Кабар/. Бишкек-Ош жолунда кар көчкүнү атайылап атып түшүрүү иштери жүргүзүлүүдө. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен билдиришти.

Министрликтен билдиришкендей, Бишкек-Ош унаа жолунун 231-чакырымында (Итагар тилкеси) 7 миң 500 м3 кар көчкү түшүрүлгөн.

Ошондой эле Бишкек-Ош жолунун 227-чакырымында (Ала-Бел ашуусу) 1 миң 680 м3, 223-чакырымында (Ала-Бел ашуусу) 6 миң 680 м3 жана 222-чакырымында (Ала-Бел ашуусу) 4 миң 520 м3 кар көчкү түшүрүлгөн.

"Жалпы 20 миң 380 м3 кар көчкү атып түшүрүлдү", - деп билдиришти министрликтен.

Пикир

Оставить комментарий