• 89.01
  • 95.05
  • 0.94

Бишкек-Ош жолунда 2 унаа кагылышып, 4 адам жаракат алды

Кырсык 0

Бишкек, 05.10.18. /Кабар/. Бишкек-Ош жолунда 2 унаа кагылышып,4 адам ар кандай жаракаттарды алды, - деп билдирет ӨКМдин басма сөз кызматы.

Маалыматка ылайык, кырсык кечээ, 4-октябрда саат 11:41де унаа жолдун 619-чакырымында катталган.

Анда “DAF” үлгүсүндөгү (мам.№352ABM) оор жүк ташуучу унаа менен “Hundai Porter” үлгүсүндөгү (06KG614AAO) унаа кагылышкан.

Кырсыктын кесепетинен 4 жүргүнчү жаракат алган. Окуя болгон жерге куткаруучулар барып, жабыркаган жарандарга биринчи медициналык жардам көрсөтүшүп, андан соң райондук ооруканага жеткиришкен.

Пикир

Оставить комментарий