• 89.01
  • 95.05
  • 0.94

Бишкек – Ош жолунда аба ырайына байланыштуу жүк ташуучу унааларга чектөө киргизилди

Коом 0

Бишкек, 15.11.21. /Кабар/. Бишкек – Ош унаа жолундагы «Сосновка» стационардык постунда оор жүк ташуучу унааларга чектөө киргизилди. Бул тууралуу КР Транспорт жана коммуникация министрлигинин басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, мындай чектөө «Төө-Ашуу» ашуусундагы аба ырайынын шартына байланыштуу болду.

«Азыркы учурда Бишкек – Ош унаа жолунун 118-146 чакырымдарында (Төө-Ашууга чейин жана андан ары Суусамыр өрөөнүнө чейин) кар жааган. №9 жол тейлөө башкармалыгынын кызматкерлери түндөн баштап жолду кардан тазалап, инерттүү тайгакка каршы материалдарды себишүүдө”, - деп айтылат маалыматта.

Мындан тышкары, Ала-Бел, Көк-Бел, Өтмөк ашууларында дагы тиешелүү техикалар тартылып, жолду тазалоо, инерттүү материалдарды себүү ишери жүргүзүлүүдө.

Пикир

Оставить комментарий