• 88.85
  • 94.81
  • 0.95

"Бишкек-Ош" жолунда альтернативалык тоннель куруу каралууда

Коом 0

Бишкек, 18.12.19. /Кабар/. "Бишкек-Ош" жолунун 110-115-чакырымында альтернативалык тоннель куруу каралууда. Бул тууралуу "Кабар" агенттигинде өткөн маалымат жыйынында транспорт министринин орун басары Бакыт Бердалиев билдирди.

Ал белгилегендей, келечекте салына турган тоннелдин сметалык баасы 230-240 млн долларды түзөт. Ал долбоор ишке ашырылып калса учурдагы тоннель деңиз деңгээлинен 2 миң метрге чейин түшүрүлөт.

"Тоннелдин узундугу 11 чакырым болуп, ал өзүн 15 жылда актайт деп жатабыз", - деди ал.

Учурда анын техникалык-экономикалык негиздемеси иштелип чыгууда.

Бердалиевдин айтымында, альтернативалык тоннель үчүн акы алынмакчы. Учурда эсептөөлөр жүрүүдө. Болжол менен тоннель үчүн акы 10 долларды түзүшү мүмкүн.

Долбоорду мамлекеттик-жеке өнөктөштү аркылуу жүзөгө ашыруу пландалууда.

Пикир

Оставить комментарий