• 89.47
  • 96.56
  • 0.97

Бишкек-Ош жолунда бензовоз оодарылып, 2 тонна күйүүчү май төгүлдү

Кырсык 0

Бишкек, 16.01.18. /Кабар/. Бүгүн, 16-январда болжол менен саат 14:29да Жалал-Абад-облусунун Кара-Көл шаарында алдын ала алынган маалымат боюнча Бишкек-Ош унаа жолунун 386-чакырымында "DAF" үлгүсүндөгү күйүүчү май ташычуу унаа (бензовоз) жолдон чыгып, оодарылып кеткен. Бул тууралуу ӨКМнин басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, унаанын ичинде болжол менен 37 тонна күйүүчү май болгон, анан 2 тоннасы төгүлгөн.

Окуя болгон жерде КР ӨКМнин Кара-Көл шаардык №94 өрт-куткаруу бөлүмүнүн куткаруучулары тартылган.

Алдын ала маалыматка ылайык, жабыркагандар жок.

Пикир

Оставить комментарий