• 89.01
  • 95.05
  • 0.94

Бишкек-Ош жолунда үч унаа кагылышып, 4 киши каза болду

Кырсык 0

Бишкек, 19.08.19. /Кабар/. Бишкек-Ош жолунда үч унаа кагылышып, 4 киши каза болду. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, жол кырсыгы кечээ, 18-август күнү болжол менен саат 10:00дө Бишкек-Ош унаа жолунун 174-чакырымында (Суусамыр өрөөнү) орун алган. Анда күйүүчү май ташыган унаа, "Мазда" жана "Хонда Тарнео" үлгүсүндөгү 3 унаа кагылышкан.

Кырсыктан 4 киши – 39 жаштагы А.Ж., 37 жаштагы А.у.И. жана А.Н. жана 4 жаштагы А.У. каза болуп, 8 жаштагы кыз жабыркаган.

Пикир

Оставить комментарий