• 89.47
  • 96.43
  • 0.97

Бишкек-Ош жолунда эки унаа кагылышып, үч адам жабыркады

Кырсык 0

Бишкек, 22.02.18. /Кабар/. Бишкек-Ош унаа жолунун 411- чакырымында эки жеңил унаанын катышуусунда жол кырсыгы катталган. Бул тууралуу ӨКМнин басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, кечээ, 21-февралда болжол менен саат 12:35 чамасында кырсык болгон жерге ӨКМдин атайын куткаруу кызматы барган.

Кырсыктын кесепетинен 3 адам жеңил жаракат алышкан. Куткаруучулар жабыркагандарга биринчи медициналык жардам көрсөтүшкөн,-деп айтылат маалыматта.

Пикир

Оставить комментарий