• 89.01
  • 95.05
  • 0.94

Бишкек-Ош жолунда эки унаа кагышып, бир адам жабыркады

Кырсык 0

Бишкек, 11.10.21. /Кабар/. Бишкек-Ош унаа жолунун 98-чакырымында “Мерседес” жана “Мерседес-Спринтер” үлгүлөрүндөгү жүк ташуучу унаалардын катышуусунда жол кырсыгы катталды.

Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен билдиришкендей, кырсыктын кесепетинен бир эркек киши оң бутунан жеңил жаракат алып (аты жөнү такталууда), ооруканага баруудан баш тарткан.

Жеринде ыкчам топ унааларды жолдун жээгине сүйрөп чыгарышкан.

Пикир

Оставить комментарий