• 89.51
  • 97.5
  • 0.97

Бишкек - Ош жолунда эки унаа кагышып, эки адам жабыркады

Кырсык 0

Бишкек, 25.02.22. /Кабар/. Бишкек - Ош жолунда эки унаа кагышып, эки адам жабыркады. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, Бишкек-Ош унаа жолунун 460-чакырымында (Теңдик айылы) “ВАЗ 2121” үлгүсүндөгү жана “Хюндай Портер” үлгүсүндөгү унаалардын каттышуусунда жол кырсыгы катталган.

Натыйжада 1979-жылы туулган М.Б. жана 1978-жылы туулган Т.Н. аттуу эркек кишилер жабыркап, куткаруучулар жеткенге чейин тез жардам кызматы аркылуу ооруканага жеткирилген.

Жерине 3 куткаруучу тартылган.

Пикир

Оставить комментарий