• 89.01
  • 95.05
  • 0.94

Бишкек-Ош жолунда футболдук команда жол кырсыгына учурап, бир оюнчу каза болду

Коом 0

Бишкек, 22.08.19. /Кабар/. "Академия-Лидер" футбол клубунун оюнчулары жол кырсыгына кабылып, бир оюнчу каза болду. Бул тууралуу Футбол федерациясынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, спортчулар бара жаткан кичи автобус Ош-Бишкек жолунда кырсыкка учураган.

"Команда 18-турдун алкагында "Алай" футболдук клубу менен болгон оюндан кийин кайтып келе жатышкан", - деп билдиришти федерациядан

Жол кырсыгында 22 жаштагы Ильич Иманбеков көз жумган.

Пикир

Оставить комментарий