• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

"Бишкек-Ош" жолунда күйүүчү май ташыган унаадан өрт чыкты

Аймак 0

Бишкек, 12.08.20. /Кабар/. "Бишкек-Ош" жолунда күйүүчү май ташыган унаадан өрт чыкты. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен билдиришти.

Маалыматка ылайык, бүгүн саат 12:19да "Бишкек-Ош" жолун 239-чакырымында (Чычкан капчыгайы) күйүүчү май ташыган оор жүк ташуучу унаанын чиркегич-цистернасынан өрт чыккандыгы тууралуу маалымат түшкөн.

"Өрттү өчүрүүгө саат 12:19да Токтогул райондук №97 Өрт-куткаруу бөлүмүнөн 1 бөлүм тартылган. Өрт ачык аянтта куураган чөпкө өтүп кеткендигине байланыштуу кошумча 24 куткаруучу, Токой чарбачылыгынан 9 кызматкер тартылган. Унаалардын өтүүсү Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкармалыгы тарабынан көзөмөлдөнүүдө", - деп билдирет министрлик.

Саат 17:00гө карата өрт чектөөгө алынган. Кийинчерээк кошумча маалымат берилет.

Пикир

Оставить комментарий