• 88.85
  • 94.92
  • 0.96

Бишкек-Ош жолунда MAN унаасы оодарылып, бир адам жабыркаган

Кырсык 0

Бишкек, 21.12.20. /Кабар/. Бишкек-Ош жолунун 393-чакырымында (Торту тилкеси) MAN үлгүсүндөгү оор жүк ташуучу унаанын айдоочусу рулду башкара албай жолдун жээгине оодарылып кеткен.

Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен билдиришкендей, кырсыктын кесепетинен 22 жаштагы жигит жеңил жаракат алган.

Жерине 4 куткаруучу тартылып, жабыркаган адамды унаадан чыгарып, тез жардам кызматкерлерине өткөрүп беришкен.

Пикир

Оставить комментарий