• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

Бишкек-Ош жолунда Mazda Demio унаасы жолдон чыгып, сууга түшүп кеткен

Кырсык 0

Бишкек, 16.12.20. /Кабар/. Бишкек-Ош жолунун 404-чакырымында (Кара-Көл шаары) кечээ, 15-декабрда саат 09:08дер чамасында Mazda Demio унаасы жолдон чыгып, сууга түшүп кеткен.

Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен билдиришкендей, жеңил унаанын айдоочусу рулга ээ боло албай кырсыкка кабылган.

Кырсыктын кесепетинен 3 эркек адам жабыркаган. Куткаруучулар жабыркаган адамдарды унаадан чыгарып, тез жардам кызматкерлерине өткөрүп беришкен.

Пикир

Оставить комментарий