• 89.47
  • 96.43
  • 0.97

Бишкек-Ош жолунда оор жүк ташуучу унаа бакты сүзүп, айдоочу жабыркады

Кырсык 0

Бишкек, 31.05.18. /Кабар/. Бишкек-Ош унаа жолунун 81-чакырымында оор жүк ташуучу унаа бакты сүзгөн. ӨКМден кабарлашкандай, окуя кечээ, 30-майда болжол менен саат 11:18дер чамасында болгон.

Маалыматка ылайык, кырсык катталган жерге куткаруучулар барышкан.

“Кырсыктын кесепетинен унаанын айдоочусу 1995-жылы туулган Э. Маматалиев башынан жабыркаган. Жабыркаган жаранды тез жардам кызматкерлери Кара-Балта шаардык ооруканасына алып кетишкен”,-деп айтылат маалыматта.

Пикир

Оставить комментарий