• 88.85
  • 94.92
  • 0.96

Бишкек-Ош жолунда түшкөн кар көчкү толугу менен тазаланды – ӨКМ

Аймак 0

Бишкек, 25.02.21. /Кабар/. Бишкек-Ош унаа жолунун 223-чакырымында (Шаркыратма тилкеси) 24-февралда саат 06:40тар чамасында көлөмү болжол менен 360 куб метр кар көчкү унаа жолго түшүп, жол жабылган.

Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен билдиришкендей, кар көчкүдөн жабыркагандар болгон жок.

Тазалоо иштерине 2 жүктөгүч, бир грейдер жана 3 куткаруучусу тартылган.Тартылган техникалардын жардамында саат 08:00дө унаа жол толугу менен тазаланып ачылган.

Ошол эле күнү саат 21:00дөр чамасында Бишкек-Ош унаа жолунун 132-чакырымында көлөмү болжол менен 3500-4000 куб метр кар көчкү түшүп, жол убактылуу жабылган.

Тартылган күчтөрдүн жардамында кар көчкү саат 22:00дө толук тазаланып бүткөн.

Пикир

Оставить комментарий