• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

Бишкек-Ош жолунда токтотулган унаанын ичинен баңгизат табылды

Укук тартиби 0

Бишкек, 19.02.21. /Кабар/. Бишкек-Ош жолунда токтотулган унаанын ичинен баңгизат табылды. Бул тууралуу ИИМдин Баңгизаттарды мыйзамсыз жүгүртүүгө каршы күрөшү кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, Токтогул районунун аймагында 30-35 жаштагы жаран өсүүчү баңгизаттарды жасап, сактап жана сатуу менен алектенип жүрөт деген ыкчам маалымат келип түшкөн.

Үстүбүздөгү жылдын февраль айында Бишкек-Ош жолунда 35 жаштагы А.Р. аттуу жарандын башкаруусундагы Ford Focus үлгүсүндөгү автоунаа токтотулган. Ага кароо жүргүзүү учурунда салонунун ичинен 40 даана таңгакталган кара-жашыл түстөгү өзгөчө кендир жытына ээ болгон зат табылып алынган.

Тергөө амалдарынын жүрүшүндө кызматтык издөө ит менен шектүүнүн жашаган үйүнө кечиктирилгис тинтүү иш-чаралары жүргүзүлгөн. Анын натыйжасында 105 даана таңгакталган зат табылып алынган.

Соттук-химиялык изилдөөнүн корутундусуна ылайык, табылып алынган заттын салмагы 1 килограмм 182 граммды түзгөн гашиш баңгизаты деп аныкталган.

Шектүү убактылуу кармоочу жайга киргизилип, унаа айып жайга токтотулду. Учурда кылмышка тиешеси бар башка жактарды аныктоо боюнча атайын ыкчам-тергөө иш-чаралары уланууда.

Пикир

Оставить комментарий