• 88.85
  • 94.92
  • 0.96

Бишкек-Ош жолунда тыгылып калган 10 оор жүк ташуучу унаа куткарылды - ӨКМ

Коом 0

Бишкек, 11.02.21. /Кабар/. Бишкек-Ош унаа жолунун 219-226-чакырым аралыктарында (Ала-Бел ашуусу) 10-февраль күнү саат 14:51де 10 оор жүк ташуучу унаа жолдо тыгылып, жол тыгыны пайда болгон.

Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен билдиришкендей, жерине Бишкек-Ош унаа жолунун 238-чакырымындагы нөөмөттө турган куткаруучулары "Камаз" унаасы менен тыгылып калган унааларды чыгарып беришкен.

Унаа тыгыны толугу менен жоюлган.

Пикир

Оставить комментарий