• 89.47
  • 96.56
  • 0.97

Бишкек-Ош жолунда тыгылып калган 9 жүк ташуучу унаа чыгарылды – ӨКМ

Кырсык 0

Бишкек, 19.03.21. /Кабар/. Бишкек-Ош жолунда тыгылып калган 9 жүк ташуучу унаа чыгарылды. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен билдиришти.

Маалыматка ылайык, 18-мартта саат 07:56лар чамасында Бишкек-Ош унаа жолунун 224-чакырымында (Шаркыратма тилкеси) MAN оор жүк ташуучу унаасы жолдун четине чыгып, тыгылып калган. Жерине куткаруучулар тартылып, "Камаз" унаасы менен чыгарып беришкен.

Ошондой эле Бишкек-Ош унаа жолунун 217-чакырымында (Ала-Бел ашуусу) унаа тыгыны болгон жерден 8 оор жүк ташуучу унааны тартып чыгарышкан.

Пикир

Оставить комментарий