• 89.01
  • 95.05
  • 0.94

Бишкек-Ош жолунда унаа оодарылып, 6 адам жаракат алды

Кырсык 0

Бишкек, 18.06.18. /Кабар/. Бишкек-Ош жолунда минивэн оодарылып, 6 адам жабыркады. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар минстрлигинин (ӨКМ) басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, кырсык кечээ, 17-июнда саат 16:50 чамасында Жалал-Абад облусунун Токтогул районунда Бишкек-Ош унаа жолунун 235-чакырымында болгон.

“Хонда Одиссей” үлгүсүндөгү автоунаанын айдоочусу рулду башкара албай, жолдун четине чылып, оодарылып кеткен.

Жабыркагандар райондук ооруканага жеткирилген.

Пикир

Оставить комментарий