• 89.47
  • 96.56
  • 0.97

Бишкек – Ош жолунда жүк ташуучу унаалар кагышып, биринин айдоочусу каза болду

Кырсык 0


Бишкек, 23.06.22. /Кабар/. Жайыл районунда Бишкек – Ош унаа жолунун 84-чакырымында МАN жана "Мерседес-Бенц Гигант" оор жүк ташуучу унаалары сүзүшүп, биринин айдоочусу каза болду. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, кырсыктын кесепетинен 39 жаштагы С.К. аттуу эркек киши каза болуп, 4 адам - С.А., Ш. уулу Т., А.У. К.Б. жабыркаган. Анын бири 15 жаштагы өспүрүм.

Жерине 3 куткаруучу тартылып маркумдун сөөгүн унаадан чыгарып, тез жардам кызматкерлерине өткөрүп беришкен.

Жабыркаган жарандарды тез жардам кызматкерлери алып кеткен.

Пикир

Оставить комментарий