• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

Бишкек-Ош жолунда жеңил унаа жардан түшүп кетип, бир адам жабыркады

Кырсык 0

Бишкек, 25.02.21. /Кабар/. Бишкек-Ош унаа жолунун 371-чакырымында (Капчыгай тилкеси) 24-февралда "Тойота-Естима" үлгүсүндөгү унаасынын айдоочусу рулга ээ боло албай жолдон чыгып, жардан түшүп кеткен.

Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин маалымат кызматы билдиргендей, унаада бир эркек адам болгон.

Куткаруучулар жерине барып, биринчи медициналык жардам көрсөтүшкөн. Жабыркаган жаран Кара-Көл шаардык ооруканага жеткирилген, абалы канааттандыраарлык.

Пикир

Оставить комментарий