• 88.85
  • 94.81
  • 0.95

Бишкек-Ош жолундагы кар көчкү түшкөн тилкеде тез жардам күзөтү уюштурулду

Коом 0

Бишкек, 14.03.18 /Кабар/. Бүгүн, 14-мартта кар көчкү түшкөн Бишкек-Ош жолунун 246-чакырымындагы “Көчкүлүү булак” тилкесинде көчкүнүн эки жагында тең тез жардам күзөтү уюштурулду. КР Саламаттык сактоо министрлиги билдиргендей, Токтогул районунун Үй-бүлөлүк медицина борборунун адистери медициналык жардам көргөзүп жатышат.

Маалыматка ылайык, дары-дармектер жетиштүү. Кайрылган бейтаптарга биринчи медициналык жардам көрсөтүлүп жатат, негизинен кан басымы көтөрүлүп кайрылгандар, баардыгы болуп 21 бейтап кайрылган.

Мындан тышкары, Токтогул районунун Аймактык ооруканасында жарандарды кабыл алуу үчүн 15 орун даярдалды, дары-дармек, жарат таңуу каражаттары жетиштүү. Кошумча дарыгер медайымдардын бригадасы түзүлдү.

Аймактык ооруканага бир бейтап кайрылды. Бишкек шаарына экинчи ирет операция жасатууга келе жаткан Баткен облусунун 1950-ж туулган тургуну А.А., хирургия бөлүмүнө жаткырылды, абалы туруктуу.

Пикир

Оставить комментарий