• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

Бишкек-Ош жолундагы кырсык: 1 адам каза болуп, 9 жүргүнчү ооруканага жеткирилди

Кырсык 0

Бишкек, 09.11.18 /Кабар/. Бишкек-Ош унаа жолунда катталган кырсыктан 1 адам каза болуп, 9 жүргүнчү жабыркаган. Бул тууралуу ИИМдин автоинспекция кызматынан кабарлашты.

Маалыматка ылайык, кырсык бүгүн болжол менен саат 11:00дөр чамасында унаа жолдун 554-чакырымында Toyota Ipsum жана Chevrolet Lacetti үлгүсүндөгү унаалардын катышуучунда болгон.

Кырсыктын айынан бир адам каза болуп, тогуз жүргүнчү Базар-Коргон ооруканасына жеткирилген.

Учурда окуя болго жерде автоинспекция кызматкерлери иштеп жатышат.

Пикир

Оставить комментарий