• 89.47
  • 96.56
  • 0.97

Бишкек - Ош жолундагы кырсык бир адамдын өмүрүн алып, тогузу жабыркады

Кырсык 0

Бишкек, 12.05.22. /Кабар/. Бишкек - Ош унаа жолунун 595-чакырымында Toyota land Cruiser жана Daewoo Matiz үлгүсүндөгү унаалардын катышуусунда жол кырсыгы катталды. Бул тууралуу ӨКМдин басма сөз кызматы билдирди.

Кырсыктын кесепетинен 31 жаштагы М.Н. аттуу эркек киши каза болуп, тогуз киши (беш эркек жана төрт аял) ар кандай жаракат алышкан.

Куткаруучулар жеткенге чейин маркумдун сөөгү жана оор жаракат алган жарандар тез жардам кызматы аркылуу ооруканага жеткирилген.

Куткаруучулар жеңил жаракат алган жарандарды Өзгөн райондук ооруканасына жеткиришкен.

Пикир

Оставить комментарий