• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

Бишкек-Ош жолундагы кырсыктан 2 адам каза болду, жабыркагандар бар

Кырсык 0

Бишкек, 21.05.19. /Кабар/. Бишкек-Ош жолундагы кырсыктан 2 адам каза болуп, дагы экөө жабыркады.

Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматы билдиргендей, күн мурун болжол менен саат 08:29да Бишкек-Ош унаа жолунун 103-чакырымында Mazda Demio унаасы Волво үлгүсүндөгү оор жүк ташуучу унаасынын артын сүзүп алган.

“Унаанын ичинде 4 эркек адам болгон. Кырсыктын кесепетинен 2 адам каза болуп, 2 адам жабыркаган. Куткаруучулар каза болгон жана жабыркаган адамдарды унаадан чыгарышып, тез жардам кызматкерлерине өткөрүп беришкен. Тез жардам кызматы каза болгон жана жабыркаган адамдарды Кара-Балта шаардык ооруканага жеткирген”, - деп кабарлашты ӨКМ кызматынан.

Пикир

Оставить комментарий