• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

Бишкек-Ош жолундагы кырсыктан бирөө каза болуп, 5 адам жабыркады

Кырсык 0

Бишкек, 24.09.18. /Кабар/. Бишкек-Ош унаа жолунда жол кырсыгы катталып, анын кесепетинен 1 адам көз жумуп, бешөө жабыркады. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматынан билдиришти.

Кырсык 23-сентябрда саат 09:35тер чамасында унаа жолдун 251-чакырымында болгон. Маалым болгондой, Volkswagen Passat-B3 үлгүсүндөгү унаанын айдоочусу унааны башкара албай калып, оодарылып кеткен.

Кырсык болгон жерге куткаруучулардын тобу барып, жабыркагандарга медициналык жардам көрсөтүшүп, Тез жардам кызматынын дарыгерлерине өткөрүп беришкен.

Пикир

Оставить комментарий