• 89.47
  • 96.56
  • 0.97

Бишкек-Ош жолунун башкармалыгы мамлекетке 1 миллион сомдон ашык зыян келтирди

Укук тартиби 0

Бишкек, 27.08.18. /Кабар/. Бишкек-Ош жолунун башкы дирекциясынын Жалал-Абад курулуш башкармалыгы 1 миллион сом салыкты жашырып койгон. Бул тууралуу Экономикалык кылмыштарга каршы күрөшүү мамлекеттик кызматынан билдиришти.

Каржы полициясы Жалал-Абад курулуш башкармалыгынын ишмердүүлүгү боюнча салыктык текшерүү дайындап, анын жыйынтыгында 2015-жылдын 1-январынан өткөн жылдын 31-декабрына чейин 1 миллион 543 миң 880 сом кошумча салык жана төлөмдөр аныкталган.

Ошентип мекеме мамлекеттик бюджетке өзгөчө чоң суммадагы зыян алып келген.

Аталган факт боюнча кылмыш иши козголду. Учурда ЭКККМК зыяндын ордун толтуруу боюнча чараларды көрүп жатат.

Пикир

Оставить комментарий