• 89.11
  • 94.62
  • 0.95

Бишкек-Ош жолунун эки тилкесине таш кулаган. Учурда жол ачык

Кырсык 0

Бишкек, 11.03.21. /Кабар/. Бишкек-Ош жолунун эки тилкесине таш кулагандыгын Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин маалымат кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, 10-мартта саат 22:30дар чамасында Бишкек-Ош унаа жолунун 398-408-чакырым аралыктарында (Аюу-Булак тилкеси) жана 11-март күнү саат 06:30дар чамасында 367-370-чакырым аралыктарындагы (Капчыгай тилкеси) жолго майда таштар кулаган.

"Жол каттамы ачык. Таш кулоодон жабыркагандар жок. Тазалоо иштерине куткаруучулар тартылган", - деп айтылат маалыматта.

Учурда тазалоо иш-чаралар жүргүзүлүүдө.

Пикир

Оставить комментарий