• 88.84
  • 95.29
  • 0.96

Бишкек-Ош жолунун жабылышына байланыштуу авиакомпаниялар билеттерди 3 миң сомдон сата башташты

Коом 0

Бишкек, 14.03.18 /Кабар/. Бишкек-Ош жолунун жабылышына байланыштуу авиакомпаниялар Бишкек-Ош жана Ош-Бишкек каттамдары боюнча авиабилеттерди 3 миң сомдон кем эмес баада сата башташты. Бул тууралуу КР Өкмөтүнүн Аппаратынын коомчулук жана ЖМК менен байланыш боюнча бөлүмү билдирди.

Бишкек-Ош унаа жолуна кар көчкү түшкөндүктөн жолдун толук жабылышына байланыштуу атамекендик авиакомпаниялар Бишкек-Ош жана Ош-Бишкек каттамдары боюнча авиабилеттерди бул багыттагы билеттерди саткан агенттиктердин 250 сом акысын кошуп 3 миң сомдон кем эмес баада сата башташты.

Көрсөтүлгөн баа 2018-жылдын 14-мартынан тарта үч күндүн ичинде жарактуу.

Бишкек-Ош жана Ош-Бишкек каттамдары боюнча буга чейин сатып алынган авиабилеттерге карата бул баа белгиленбейт.

Белгилей кетсек, 2018-жылдын январында Кыргыз Республикасынын Өкмөтү менен бир катар атамекендик авиакомпаниялардын ортосунда аба ырайынын туруксуз шарттарында көрсөтүлгөн багыттардагы авиабилеттердин баасын төмөндөтүү макулдашылган.

Пикир

Оставить комментарий