• 82.38
  • 84.08
  • 1.34

“Бишкек Парк” соода борборунда бомба коюлду деген маалымат түштү - УКМК

915 кароо Кырсык 0

Бишкек, 27.04.18. /Кабар/. “Бишкек Парк” соода-оюн зоок борборунда бомба коюлду делген маалымат түштү,-деп билдирет КР УКМКнын басма сөз кызматы.

Маалыматка ылайык, 2018-жылдын 27-апрелинде болжол менен саат 13:29 чамасында “102” нөөмөт бөлүмүнө “Бишкек Парк” соода борборунда жардыруучу зат коюлгандыгы тууралуу билдирүү келип түшкөн.

Окуя болгон жерге ыкчам түрдө УКМКнын жана ИИМдин кызматкерлери чыгып кетишкен. Соода борбордун айланасы курчоого алынган. Кызматкерлер жана коноктордун бардыгы имараттан чыгарылды.

Учурда атайын кызматкерлер имараттын ичиндеги жардыруучу затты издеп жатышат.

УКМК ким маалымат тараткандыгын табууу максатында ыкчам-издөө иш-аракеттерди жүргүзүүдө.

Пикир

Оставить комментарий