• 88.84
  • 95.29
  • 0.96

"Бишкек-Үрүмчү" автобус каттамы кайра жүрө баштады – Транспорт министрлиги

Коом 0

Бишкек, 05.12.19. /Кабар/. "Бишкек-Үрүмчү" автобус каттамы кайра жүрө баштады. Бул тууралуу "Кабар" агенттигиндеги маалымат жыйында Транспорт жана жолдор министрлигине караштуу Автоунаа агенттигинин унаа ишмердигин жөнгө салуу жана лицензиялоо бөлүмүнүн башчысы Талант Нанаев билдирди.

Ал белгилегендей, мындан мурда Кыргызстандын үч шаары - Ош, Бишкек жана Караколдон Кытайга жүргөн каттам болгон.

"Бир ай мурда "Бишкек-Үрүмчү" автобус каттамы кайра иштей баштады", - деди ал.

Анын айтымында, Кытайга кеткен үч автобус каттамы коңшу мамлекет тарабынан токтотулган.

Пикир

Оставить комментарий