• 88.85
  • 94.92
  • 0.96

Бишкек Россиянын шаарлары менен кызматташат

Коом 0

Бишкек, 12-июль /Кабар/. Бишкек шаарынын вице-мэри Бактыбек Дүйшөмбиев менен Россия Федерациясынын шаарлар кеңешинин президенти Станислав Мошаров жолугушту. Бул тууралуу мэриянын басма сөз кызматы билдирди.

Эки тараптуу жолугушууда Дүйшөмбиев Россия Федерациясынын шаарлар кеңешинин президенти менен болгон тыгыз мамиле шаарлар аралык кызматташууну жакшыртууга шарт түзөөрүнө ишенем деди. Ошондой эле, жолугушууда тараптар жергиликтүү өзүн өзү башкаруу тармагындагы тажрыйбалар, жол курууну өнүктүрүү, шаар тургундары менен болгон ачыктыкты жана экономикалык жана башка бир катар темаларга токтолушту.

Эскерте кетсек, Бишкек шаарынын мэриясы Россиянын шаарлары, тагыраагы Санкт-Петербург, Екатеринбург, Казань, Миасс жана Москва шаарлары менен өнөктөштүк боюнча келишимге кол койгон.

Россия Федерациясынын шаарлар кеңеши 1991-жылы 13-мартта негизделген.

Пикир

Оставить комментарий