• 88.85
  • 94.81
  • 0.95

Бишкек саякат үчүн КМШдагы эң мыкты 10 шаардын катарына кирди

Коом 0

Бишкек, 24.07.2018 /Кабар/. Бишкек россиялык туристтердин жайкы саякаты үчүн КМШ өлкөлөрүндөгү эң мыкты 10 жайдын арасына кирди. Шаарлардын рейтингин аналитикалык “ТурСтат” агенттиги түзгөн.

Быйылкы жайда Азербайжандагы Баку, Беларустагы Минск, Казакстандагы Алматы, Астана, Армениядагы Ереван, Кыргызстандагы Бишкек, Өзбекстандагы Ташкент, Молдовадагы Кишинёв, Тажикстандагы Душанбе жана Түркмөнстандагы Ашхабад россиялык туристтердин баалоосу боюнча КМШдагы алдыңы ондукта турат.

КМШдагы эң арзан жайкы турлар деп Кишинёв жана Бишкекти, ал эми дем алыш күндөрдөгү турларга жана шопингге ылайыктуу деп Бакуну жана Астананы тандашкан.

ТурСтаттын маалыматына караганда, туристтер КМШдагы шаарларга жайында 2 күнгө келишип, андан соң курорттордо эс алышат.

Орточо эсеп менен россиялык туристтер КМШдагы шаарларда жана курорттордо 1 күндө тамагына жана жашаган жерине 50 доллардан 100долларга чейин төлөшөт.

Пикир

Оставить комментарий