• 89.01
  • 94.71
  • 0.94

Бишкек шаардык ички иштер башкармалыгынын башчысы Жумагазиев парламенттик шайлоого катышат

Шайлоо 2020 0

Бишкек, 19.08.20. /Кабар/. Бишкек шаардык ички иштер башкармалыгынын башчысы Канат Жумагазиев алдыда боло турган парламенттик шайлоого катышат. Бул маалыматты Жумагазиев өзү «Кабар» агенттигине тастыктады.

Ал шайлоого «Биримдик» партиясы менен чогуу бара тургандыгын билдирди. Шаардык милициянын башчысы бир-эки күндүн ичинде кызматтан кетүү тууралуу арызын жазат.

Эске сала кетсек, парламенттик шайлоо 4-октябрда өтөт.

Пикир

Оставить комментарий