• 88.85
  • 94.92
  • 0.96

Бишкек шаардык кеңеши Айсулуу Тыныбековага муниципалдык батирди берүү маселесин карайт

Коом 0

Бишкек, 16.11.20. /Кабар/. Бишкек шаардык кеңеши кыз-келиндер арасындагы күрөш боюнча дүйнө чемпиону Айсулуу Тыныбековага муниципалдык батирди кайтарымсыз негизде берүү маселесин карайт.

Мэриядан билдиришкендей, Айсулуу Тыныбекованын спорттогу ийгиликтерин эске алуу менен “Москва көчөсү, 191” дарегиндеги 3 бөлмөлүү муниципалдык батирди кайтарымсыз негизде берүү боюнча токтом долбоору иштелип чыккан. Токтом долбоору быйыл 24-март күнү Бишкек шаардык кеңешинин кароосуна киргизилген.

“Бул маселе Бишкек шаардык кеңешинин 19-ноябрда өтө турган кезектеги XXXIII сессиясынын күн тартибине киргизилди”, - деп билдирет мэрия.

Пикир

Оставить комментарий