• 89.51
  • 97.5
  • 0.97

Бишкек шаардык кеңешке аттанган партиялардын бюллетендеги номерлери аныкталды

Шайлоо 2023 0

Бишкек, 15.03.21. /Кабар/. Бишкек шаардык кеңешке аттанган партиялардын бюллетендеги номерлери аныкталды.

Бүгүн, 15-мартта Бишкек аймактык шайлоо комиссиясы шаардык кеңешке депутат болуп келе турган партиялар арасында чучукулак карматып, бюллетендеги катар номерлерин аныктады:

1. "Улутман";
2. "Ыйман Нуру";
3. "Биздин эл";
4. "Кыргызстан демократиялык кыймылы";
5. "Замандаш";
6. "Улуу-Журт";
7. "Ишеним";
8. "Свобода выбора";
9. "Власть народа";
10. "Кыргызстан коммунисттер партиясы";
11. "Социал-демократтар";
12. "Ата-Журт Кыргызстан";
13. "Республика";
14. "Айкөл Кыргызстан";
15. "Кыргызстан элдик-демократиялык партиясы";
16. "Тынчтык";
17. "Кыргызстан";
18. "Кыргызстан жашылдар партиясы";
19. "Ак бата";
20. "Кыргызстан социалдык партиясы";
21. "Бүтүн Кыргызстан";
22. "Эмгек";
23. "Реформа";
24. "Ынтымак";
25. "Патриот".

Чучукулакка аталган партиялардын, ЖМК өкүлдөрү жана коомдук байкоочулар катышты. Ошондой эле учурда өлкөнүн 28 шаарына депутат болом деген партиялар арасында бюллетендеги катар номерлери аныкталууда.

Эскерте кетсек, Кыргызстанда жергиликтүү кеңештерге депутаттарды шайлоо үстүбүздөгү жылдын 11-апрелинде өтөт.

Пикир

Оставить комментарий