• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

Бишкек шаардык кеңешке кайра шайлоого 18 партия катышуу ниетин билдирди – тизме

Шайлоо 2023 0

Бишкек, 21.06.21. /Кабар/. Бишкек шаардык кеңешке кайра шайлоого 18 партия ат салышат.

Борбордук шайлоо комиссиясы билдиргендей, 20-июнга карата Бишкек аймактык шайлоо комиссиясында шайлоого талапкерлигин каттатууга төмөнкү партиялар тиешелүү документтерди тапшырган:

  1. «Эмгек Партиясы»;
  2. «Өнүгүү-Прогресс»;
  3. «Демократическая партия «Туран»;
  4. «Биздин Эл»;
  5. «Замандаш»;
  6. «Столица» демократиялык партиясы»;
  7. «Жашыл Кыргызстан партиясы»;
  8. «Ынтымак»;
  9. «Биздин Кыргызстан»;
  10. «Социал-демократтар»;
  11. «Реформа»;
  12. «Күч бирдикте» социалдык-саясий партиясы»;
  13. «Келечек-Будущее»;
  14. «Ата-Журт Кыргызстан»;
  15. «Ишеним»;
  16. «Жаңы-Мезгил»;
  17. «Улуу-Журт»;
  18. «Айкөл Кыргызстан»

«Социал-демократтар» саясий партиясынын Бишкек шаардык кеңешке депутаттарды кайра шайлоого катышкан жаңы саясий партияларды каттоодон баш тартуу тууралуу билдирүүсүнө ылайык, Бишкек аймактык шайлоо комиссиясы аталган партиянын арызын канааттандыруудан баш тартуу чечимин кабыл алды.

Мындан тышкары, «Айкөл Кыргызстан» саясий партиясынын Бишкек шаардык кеңешке депутаттарды кайра шайлоого катышуу үчүн партияны кабыл алуу жөнүндө билдирүүсүн карап, талапкерлердин тизмесинин өзгөрүлбөгөнүн эске алуу менен «Айкөл Кыргызстан» партиясынын талапкерлерин каттоо чечимин кабыл алды.

Бишкек шаардык кеңешке 18 партиядан 1371 талапкер көрсөтүлүп, анын ичинен 1258 талапкер тизмеге катталды. Муну менен катар ар кандай себептерден улам 113 талапкердин тизмеси каттоодон өткөн жок.

Эскерте кетсек, 11-апрелде өткөн Бишкек шаардык кеңешке шайлоо добуш сатып алууларга байланыштуу жараксыз деп табылган. Кайра шайлоо 11-июлга белгиленген.

Пикир

Оставить комментарий