• 89.12
  • 94.98
  • 0.95

Бишкек шаардык кеңешке кайра шайлоонун алдын ала жыйынтыгы чыкты

Шайлоо 2023 0

Бишкек, 11.07.21. /Адил Төлөгөнов - Кабар/. Автоматтык түрдө эсептөө урналарынын (АСУ) алдын ала жыйынтыгы боюнча Бишкек шаардык кеңешке кайра шайлоодо 6 партия алдыда келе жатат.

Алдыда төмөнкү саясий партиялар келе жатат:

• “Ата-Журт Кыргызстан” партиясы — 15,24%;
• “Эмгек” партиясы — 17,26%;
• “Ишеним” партиясы — 11,19%;
• “Социал-демокарттар” партиясы — 7,79;
• “Өнүгүү-прогресс” партиясы — 8,11%;
• “Ынтымак” партиясы — 8,28%.

Белгилей кетсек, шаардык кеңешке өтүү үчүн саясий партиялар 7%дык шайлоо босогосунан өтүүсү керек.

Эскерте кетсек, Бишкек шаардык кеңешке шайлоого 18, Токмок шаардык кеңешке 6, Ош шаардык кеңешке 8 саясий партия катышты.

Пикир

Оставить комментарий