• 88.85
  • 94.81
  • 0.95

Бишкек шаардык кеңешке кайра шайлоонун жыйынтыгы чыкты

Шайлоо 2023 0

Бишкек, 19.07.21. /Кабар/. Бишкектин аймактык шайлоо комиссиясы 17-18-июлда жыйынтыктоочу жыйын өткөрүп, Бишкек шаардык кеңешке депутаттарды кайра шайлоонун жыйынтыгын чыгарды. Бул тууралуу БШКнын басма сөз кызматы билдирди.

Билдирүүдө айтылгандай, Бишкектин аймактык шайлоо комиссиясы түшкөн жалпы 22 арызды карап чыгып, тиешелүү чечим кабыл алды. Добуш берүүчүлөргө 104 миң 141 шайлоо бюллетени берилген. Алардын ичинен 103 миң 431и саноодон өтүп, 710у жараксыз деп табылган.

Аталган шайлоо комиссиясы 11-июлда өткөн шайлоону өттү деп таанып, анын жыйынтыгын чыгарды.

Шайлоого катышкан 18 саясий партиянын ичинен алтоо жети пайыздык босогодон ашкан. Алар: “Эмгек”, “Ата-Журт Кыргызстан”, “Ишеним”, “Ынтымак”, “Өнүгүү-Прогресс” жана “Социал-демократ” партиясы. 45 мандат төмөнкү партиянын өкүлдөрүнө бөлүштүрүлдү:

- “Эмгек” партиясына 11 мандат;

- “Ата-Журт Кыргызстан” партиясына 9 мандат;

- “Ишеним” партиясына 8 мандат;

- “Ынтымак” партиясына 7 мандат;

- “Өнүгүү-Прогресс” партиясына 5 мандат;

- “Социал-демократ” партиясына 5 мандат.

Пикир

Оставить комментарий