• 88.85
  • 94.81
  • 0.95

Бишкек шаардык кеңешине шайлоонун жыйынтыгы жокко чыгарылды

Шайлоо 2023 0

Бишкек, 12.05.21. /Кабар/. Бишкек аймактык шайлоо комиссиясынын мүчөлөрү Бишкек шаардык кеңешине шайлоонун жыйынтыгын жокко чыгарды. Мындай чечимди Бишкек аймактык шайлоо комиссиясы 12-майдагы жыйынында кабыл алды.

Буга чейин аймактык шайлоо комиссиясы "Эмгек" жана "Ак Бата" партияларын шайлоодон четтеткен.

Аталган партиялар тарабынан шайлоо убагында мыйзам бузуулар катталгандыгы үчүн жарыштан алынган.

Эскерте кетсек, 11-апрелде жергиликтүү кеңештерге шайлоо өтүп, жети пайыздык босого чегинен "Биздин эл", "Ата-Журт Кыргызстан", "Эмгек", "Ынтымак", "Ак Бата" жана "НДПК" партиялары өткөн.

Бирок көп өтпөй "НДПК" партиясы жарыштан четтетилген.

Кошумчалай кетсек, Ош жана Токмок шаардык кеңештерге дагы шайлоонун жыйынтыгы жокко чыгарылган.

Пикир

Оставить комментарий